2-апрель балдар китебинин күнүнө карата жарыяланган жумалыктын 2-күнү “Жомоктор тарбия башаты”
2-апрель балдар китебинин күнүнө карата жарыяланган жумалыктын 2-күнү “Жомоктор тарбия башаты” деп аталып жомокторго арналды. Жомоктор күнүнө шаарыбыздагы “Ататүрк” бала бакчасынын тарбиялануучуларынын аткаруусунда манас эпосунан “Манас менен коңурбайдын эр сайышы”, “Наристе нур” бала бакчасы кыргыз элинин “Ырыс алды ынтымак” жомогун сахналаштырып тартууласа “Чебурашка” бала бакчасынын тарбиялануучулары “Карышкыр менен жети улак”, жомогун курчак театры аркылуу көргөзүп, өзүлөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Жомоктор менен катар таланттуу балдардын чыгармачылыгы кеченин көркүнө чыгарды.