2010-жыл 7-апрель - Улуу эрдиктерге майтарылбас эркке таазим
Нарын районуна караштуу Эсенгул Ибраев атындагы борбордук китепканасы. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров: Апрель революциясында курман болгондор – анык баатырлар!. Бүгүн Кыргызстан Апрель революциясынын 15-жылдыгын белгилеп жатат. ”Ата-Бейитте” ал окуяларда каза тапкандарга багышталып куран окулуп,эскерилип жатат. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр азаматтарыбыз коррупциялашкан бийликти кулатканы эсибизде.
Апрель элдик революциясынын натыйжасы-мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болду”. “Эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн Апрель баатырларындай кара башын канжыгага байлоого даяр уул –кыздары турганда кыргыз эли адептүүлуккө болгон ишениминен ажырап калышы эч мүмкун эмес”. 2010-жылы
Кыргызстанда көп миңдеген адамдар ошол учурдагы президент Бакиевди үй-бүлөлүк корупциялашкан режим орнотту деп айыптап,каршылык акцияларына чыгышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн чыгып кетишкен. Ак үйдүн алдында демонстранттарга ок атылып, сексенден ашык адам курман болуп, үч жүздөн ашуун адам ар кандай жаракат алышкан. Эскерүү митинги Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркындагы апрель баатырларына арналган эстелик алдында белгиленди.
Иш чарага Нарын райондук Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасы тарабынан “Улуу эрдиктерге майтарылбас эркке таазим” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.