23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү!

Бүгүнкү  бул маанилүү күнгө карата китепканабызда "Китеп-акылдын ачкычы, Алыкул поэзия жарчысы" аталыштагы иш чара болуп өттү.

Бул иш-чара эки маанилүү бөлүктөн турду: Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө, Ак-Талаа районунун мектеп директорлору,  жергиликтүү акын Жанышбек Сыдыковдун "Ак жамгыр" китеби аркылуу түзүлгөн тесттик суроолорго   Kahoot программасы аркылуу интеллектуалдык оюн ойнотулуп, билимде күч сынашкан катышуучулар арасынан жеңүүчүлөр аныкталды. 🎤 Экинчи бөлүк Чыгармачылык толкун.

Алыкул  Осмоновдун чыгармалары менен коштолгон көркөм программа менен уланды. Алгач китепкана кызматкерлери тарабынан даярдалган Китептин жаралуу тарыхы жана Алыкул Осмоновдун өмүрү чыгармачылыгы чагылдырылган видео слайд көрсөтүлдү.  Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары Алыкулдун жашоосун чагылдырган сценка көрсөтүп, акындын калемине таандык ырлары көркөм окулуп, ыр-бийлер тартууланып, маданий рух менен толукталды. Иш чаранын  соңунда  Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары Эсеналиев Каныбек Алтымышович, Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Турдумамбетова Гүлжан Кемелгазиевна, Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагынын директору Сулайманова Гүлжаз Кубанычбековналар куттуктоо сөздөрүн айтып  “Ак жамгыр” китеби боюнча уюштурулган тестин жыйынтыгы чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

1-орун. К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин директору: Оруналиева Зейрегүл.

2-орун. Э.Мейманов атындагы орто мектебинин директору: Бечелова Айзат.

3-орун. Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин директору: Айбек Кожоев камсыз кылып байгелүү орундарга ээ болушту, калган активдүү катышып берген мектеп директорлоруна дагы кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө белектер тапшырылып, ар бир катышуучунун китепке болгон сүйүүсү жана урматы даңазаланды. Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагынын жалпы жааматы, Бул иш чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө  демөөрчүлук кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңшинин депутаты Сыдыков Мурадил Жанышбековичке терең ыраазычылык билдирет, бул демилге окурмандар үчүн унутулгус күнгө айланды! 

Китеп – бул акылдын ачкычы, жүрөктүн жылдызы, келечектин жол көрсөтүүчүсү.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.