None

310.14 КБ -

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата «Чек ара кызматы- өлкөнүн тынчтыгы үчүн” аттуу жолугушуу кече

21- февраль 2024-жылы Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залы тарабынан даярдалган 23-февраль   Ата Мекенди коргоо күнүнө  карата  «Чек ара кызматы- өлкөнүн тынчтыгы үчүн” аттуу жолугушуу кече болуп өттү. Кечеге Нарын шаардык бириктирилген аскер комиссариатынан,  Куралдуу күчтөрдүн Нарын облусу боюнча ардагерлер кеңешинен, Афган согушунда ,Баткен коогалаңында катышкан ардагер-жоокерлерибиз, Тайлак Баатыр атындагы №2025 аскер бөлүгүнүн жоокерлери, офицерлери,  Нарын омбудсмени, Нарын шаарындагы К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинин студенттери, мугалимдери, Нарын районундагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектебинин мугалимдери, окуучулары жана китепкана, пресса  кызматкерлери катышышты.  Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепкананын директору Байгабатова Анара Казакбаевна  мекен сакчыларын, ардагерлерди майрамы менен куттуктап кечени ачты. “Ата Мекенди коргоо-ар бирибиздин милдетибиз” аттуу китеп сүрөт көргөзмө тааныштырылды жана  “Өмүрдүн баркын кут кечкен билбейт, от кечкен билет” аттуу онлайн баяндама көргөзүлдү. Келген меймандар жаш муундарга патриоттук духта мекенди коргоого чакырган акыл-насаат сөздөрүн айтышып, майрамы менен куттукташты. Ардагер Идирисов Таалай “Из калтыр” деген ырды тартуулады. Жоокерлер  “Чек арачыга даңк”, студенттер  “Согуш алааматы” аттуу монологду, мектеп окуучулары “Катюша” аттуу ырларды бийлерди тартуулашты. Кеченин аягында жалпы катышуучуларга кофе-брейк уюштурулуп, чай үстүндө баарлашуу болду. Кечени укуктук-экономикалык окуу залынын башкы китепканачысы Жунусалиева Жумабүбү алып барды.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.