None

481.98 КБ -

23-октябрь: Ак илбирс - Эл аралык күнү

Ак илбирс дүйнөнүн 12 гана өлкөсүндө бар жана Кыргыз олкосу алардын ичинде. Кыргыз жергесинде көбүнесе Нарын тарапта кездешет. Бийик тоолуу аймакты мекендеген жандыкты сактоо тууралуу китеп көргөзмө уюштурулуп, маалыматтар берилип келген. Бүгүн да Кадыркул Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу менен биргеликте китепканада иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө "Жаратылыштын мурасы- ак илбирс жана анын тарыхы" аттуу китеп көргөзмө чыгарылып, окурмандарга жана Нарын шаарынын орто мектептеринин окуучуларына ак илбирстин жашоо чөйрөсү, жаратылышты коргоонун мааниси тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, жапайы жаратылыштагы сейрек кездешүүчү жаныбарлар тууралуу жаныбарлар тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышты жана жаратылышка болгон сүйүүнү арттырууга багытталды.


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.