27-май китепканалар күнүнө карата,Укой Чолпонбаеванын 90 жылдыгына арналган, "Өрнөктүү өмүр издери" аттуу майрамдык кече өтүлдү.

12.17 КБ -

27-май китепканачылардын күнү

Райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкана тармагында 27-май китепканалар күнүнө карата жана ошону менен бирге Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкери, китепканада көп жылы үзүрлүү эмгектенген эжебиз Укой Чолпонбаеванын 90 жылдыгына арналган жана китепкана ардагерлери Орун ,Алтын эжелерибиздин 70 жаш мааракелери да белгиленди. Китепканада "Өрнөктүү өмүр издери" аттуу майрамдык кеченин ардактуу мейманы катары Бишкектен келген коногубуз акын Жуса Касиетов,Райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Табалдиева Чынара, Китепкана тармагында үзүрлүү эмгектенген жана азыркы учурда ардактуу эс алууда жүрүшкөн эжелерибиз, маданият кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин жана басма сөз өкүлдөрү болушту. Кечеде иштеген ишинде ийгиликтерди жараткандыгы үчүн айрым китепкана кызматкерлери сыйланышты. Келген меймандар китепкана кызматкерлерин куттукташты.


Сыдыканова Жазгул





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.