5 - март - Ак калпак күнүнө карата | "Ак калпак - аруу тилек, асыл мурас" аталышындагы иш чара

Темасы: «Ак калпак - аруу тилек,  асыл мурас» 

Максаты: Китепканага окурмандарды тартуу, китеп окууга кызыктыруу

Күнү, өтүлгөн жайы: 05. 04. 2024. Балдар окуу залы

КР Президентинин Инсандын руханий адеп ахлактык  өнүгүүсү жана дене-тарбиясы»  жана «Улуттук нарк» жарлыктарынын алкагында  балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмүндө,   5 - март Ак калпак күнүнө карата өспүрүмдөр арасында  улуттук кийимдерди даңазалоо,  улуттук баалуулуктар  жөнүндө  маалымат  жайылтуу максатында   «Ак калпак - аруу тилек,  асыл мурас»  аттуу иш чара уюштурулуп өткөрүлдү.                    

Иш чарага арналып  «Ак калпак ата мурасы» деген аталышта китеп сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп окурмандарга сунушталды .Иш чарага Нарын шарындагы № 4 Э. Ибраев атындагы орто мектебинин жана № 2 В.П Чкалов атындагы орто мектебинин  катышты. Иш чара  № 4 Э Ибраев атындагы орто мектебинин  6 класстарынын окуучуларынын ак калпакка арналган    флеш моб   менен башталып, окуучулар ак калпакка арналган ырлардан көркөм айтып, калпактын улуу касиетин баяндаган уламышты сахналаштырып тартуулашты. Ошондой эле окуучулар калпакты кантип туура кийиш керек жана калпакты кийүүдө жаш өзгөчөлүктөргө бөлүнүшү боюнча да маалымат  айтып беришти. Кеченин китепкананын директору Байгабатова Анара Казакбаевна жыйынтыктап, окурмандарга ийгиликтерди каалап китепкананын активдүү окурманы болууга чакырды.

 

ИШ ЧАРАНЫН ЖҮРҮШҮ:

«Ак калпак - аруу тилек,  асыл мурас» аттуу флеш мобдун сценарийи.

Кыргыз бийи: № 4 Э. Ибраев атындагы орто мектебинин окуучулары 

1-окуучу

Балпайышып аталар, Бакай калпак кийишкен,                                                                                      Түрлөп көркүн чыгарып, уз энелер тигишкен.

2-окуучу

Ак кар жатса тоолордо,  бийиктигин билдирет,                         

Калпак кийген атанын ыйыктыгын билдирет

3-окуучу   

Ак калпагы кыргыздын, ак жүзүндөй нур кыздын                                                                                             

Ак кар баскан тоолордо Ак нурундай жылдыздын

4окуучу                                                                                                                                                      

Ала тоонун боорунда Акыл калчап бийиктен             

Ар намыстуу кыргыздар Аппак калпак кийишкен

5-окуучу                                                                                                                        

Барктап дайым кийели алмаштырбай кирдетпей

Жашай берсин ак калпак аппак ачкан гүлдөрдөй

6-окуучу                                           

Башымда кийген ак калпак Кылымдарды карыткан                                                                            Аздектеп дайым кийели Өчпөсүн такыр тарыхтан

7-окуучу                                                                                                                                                 Бабадан калган калпакты биз дагы сыйлап өтөлү,

Карматпай душман колуна Баркына дайым жетели

8 окуучу                                                                                                                                              

Болбосо да тоодой болгон атагым,

Тоодой болуп тоо койнунуда жашаймын.                                                                                           

Келечекте акын болсом эгерде,

Эң биринчи ак калпакты жазамын.

А. Б Саламатсыздарбы урматтуу окурмандар, Ак калпак кийген кыргыз элибиздин эр азаматтары, Майрамыңыздар менен,  жаздын келиши менен эң алгачкы салтанттуу күндөрүдүн катарында элибиздин мамлекеттик символикасы болго Туу күнүн менен улай 5-марттын Ак калпак күнү катары белгиленип келе жатканына быйыл 10 жылга чукул убакыт.

Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы.  Байыртан элибиздин таберик баш кийими,  бабаларыбыздын тарыхына тамырлашып, калайык калктын  тагдырына бекем байланган. 

Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Илгери хан шайлаганда башына ак калпак кийгизишкен экен. Бул анын акылы тунук, элине ак эмгек кылсын дегенди түшүндүргөн.

Калпактын төбөсүн бириктирип, кайчылашып  турган төрт сызык күндүн, жашоонун символу деп эсептелет. Бул баш кийимдин төрт талаага бычылышында кыргыздардын сандык касиети каралган. Анткени төрт деген сан байыртадан көчмөн кыргыздарда өзгөчө мааниге ээ болгон. Аалам төрт тараптан: түндүк, түштүк, батыш, чыгыш болуп бөлүнсө, жыл мезгил төрткө бөлүнөт: жаз, жай, күз, кыш; төрт түлүк мал: төө, топоз, жылкы, уй деп бөлүнөт. Мындай сандык касиет калпакта атайын жасалган дешет.

Биздин бүгүнкү иш чараны уюштуруудагы негизги максатыбыз улутук наркты жайылтуу жана биздин  китеп фондубуздагы   тиешелүү адабияттар  тууралуу  маалымат таркатуу болуп эсептелет Азыр  бүгүнкү иш чарага арналып даярдалган китеп көргөзмөгө көңүл бөлсөк.

 Анда азыр бизге калпакты кантип кийет, калпак кийүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө биздин окурмандар айтып беришет.                            

(3 бала калпакты кийип чыгат баяндамачы айтып берет)

Эзелтеден элибиз калпакты кастарлап бийик коюп анын кийилишине маани берип келишкен. Калпактын төбөсүн түшүрүп кийбеш керек.  Калпактын төбөсүн басып, кийген «Бул үйдө баш көтөрөөр эр бүлө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун айтканындай болом», — дегенди түшүндүрөт. Андыктан эр азаматтар ар дайым калпактын төбөсүн бийик көтөрүп кийип, өздөрүн сыймыктуу алып жүрүшү керек  

Калпактын оң кыргагын басып кийсе   үй бүлөдөгү зор дөөлөт, таянычы болгон , ата- энеден,   айрылгандыгын билдирет экен.  Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып кийбеш керек.  Бул болсо «Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Ата тегимди билбейм, Артымдан издеп эч ким жок» -дегенди билдирет экен.

А.Б Калпакты тигилиши боюнча үч топко бөлүп караса болот. Биринчиси — калпактын кийизи кесилбестен уютулуп жасалат, экинчиси — эки тилкеге бөлүнүп бычылат, үчүнчүсү — төрт тилкеге бөлүнүп даярдалат.

Алгачкы түрүндөгү калпактар кийизден уютулуп жасалган, аны уютма калпак же туюк калпак деп аташкан. Бычылбайт, атайын тигиши жок, бирок кыюуланган. Жүндөн уютуп, үбөлүктөп, кайра бышырып, төбөсү топтоголок, этеги тегерек түргө келтирилет. Бул чоң чеберчиликти талап кылган. Себеби берки баш кийимдердин кийизин ченеп, кесип алып бириктирсе, туюк калпакты көз болжол менен жасоого туура келген.

Айры калпак деп аталган түрүндө төрт талаасынын кошулган жерлери жана жээги кыюуланып, төрт жеринен кичине шара тилик калтырылат. Ал эми тилик калпакта төрт талаасы кыюуланбайт да, ак жип аркылуу бириктирилип, эки жеринен чоңураак тилик калтырылат.

 Илимий эмгектерде киш калпак туурасында да айтылат. Ал эки талаага бөлүп бычылган. Жээгине киштин териси кармалган. Дал ушундай киш калпак учурда Улуттук тарых музейинде Кыргызстандагы эң байыркы калпак катары сакталып турат. Эксперттер аны XVIII кылымга таандык деп айтышты. Кезегинде атактуу окумуштуу Саул Абрамзон 1946-жылы өз коллекциясына Тянь-Шань облусунун Ак-Талаа районунан таап, музейге койдурган   

Калпактын түзүлүшүндө жана өнүгүшүндө, аларды кийүү тартибинде көптөгөн ырым-жырым сакталып келген. Калпакты эч качан жерге, баскылыкка ташташкан эмес, керегенин башына илип же жүктүн үстүнө коюшкан. Барктап, баалап мамиле жасашкан.

Автор:  Бул окуя  Искенднр Зулхарнайын ( А.Македонский) жөнүндө уламышта кездешет.

Күндөрдүн бир күнүндө түн ичинде Искенднр Зулхарнайын   жаткан чатырга эки   жоокер кыз келип, күзөтчүсүнө кош миздүү бир кылыч, бир калпак жана   адамдын   баш сөөгүн тапшырат.

Жоокер кыз: Тан агарганча бизге жообун  бергиле - деп талап коюшат.

Автор: Ошондо Искендер Зулхарнайын өзүнүн акылгөй аярларын чакырып бул    эмненин жышааны экендигин чечкиле дейт.

Аярларынан жөндүү жооп болбогон соң кыздарды алдырып оң тарабында отурган  аярларынын  биринен суратат:

1-Аяр:  «Айткылачы, силер кайсы элденсиңер? Мобуреки алып келген куу баш, калпак, кылычтын мааниси эмнени туюнтат? Өзүңөр чечмелеп бергиле?" - деп аларга жайдары жүз көрсөтөт.

Автор: Эл кыйырын сактап, ат жалында шамал менен жарышып өскөн жоокер кыздар Искендерди теше тиктеп, түз качыра жообун айтат:

Жоокер кыз: Биз кыргыз деген элденбиз, ушул тоону мекендеп өмүр кечиребиз. Бизге катылган душмандын башы, алдагы баштай алынып, ач бел, куу жондо куурап жок болот, бу куу башты мобуреки кош миздүү кылыч алган, ал эми бул баш кийим- кыргыз калпагы. Анын төбөсүндөгү кайчылашкан кош сызык – Күндүн аян белгиси, кыргыз урпагы күндүн тукуму болуп саналат. Биз күндөн тараганбыз.  Жүйөө билген кас  душман ыкка көнсө биз күн нурундай мээрим төгөбүз,  кыл чайнашып, бет буруп жоолашам деген душманга биздин эл бул кош миздүү кылычтай чабылат. КАЛПАК биздин ажобуздун сүр сөөлөтү,сыймыгы, абийири,кадыр сыйы, душманына сес берээр  опол тоодой олбур сүрү, биздин силерге алып келген жышааныбыз ушул! Буга эмне деп жооп айтасынар?

Автор:  Сөзгө кулак төшөп турган Искендер  Зулхарнайын башын силке отурган акылгөйлөрүнө карады. Акылгөйлөрү кыздырга жооп таппай отуруп калышты. Күзөтчүлөр жоокер кыздарды сыртка алып чыгып кетти. Көп өтпөй Искендердин бир жигити жоокер кыздарга  калпак менен кылычты алып келип берди дагы:

Жоокер:   «Ажоңорго айта баргыла, ойлонууга азыраак убакыт берсин, үч түбөлүк бурсаттан соң жообун айтабыз»,

Автор: Деп кыздарды узатып койду.

Көп өтпөй Искендер Зулхарнайын өз черүүлөрүн түн жамына көчүрүп, Чүй  аймагынан чыгып кетти. Ошол күндөн биякка кыргыз калпагынын  өмүрнаамасы, анын кадыр сыйы, сүр сөөлөтү мурдагыдан да артты.

 

ОКУУЧУЛАР,  

Хор Кыргыз калкым

Жыйынтыктоо 


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.