№8 А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин окуучулары менен экскурсияда болушту
Бүгүн 25- октябрда Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканада №8 А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдыкалыкова Нуржан 8- классынын окуучулары менен экскурсияда болушту.
Окуучуларды Чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата уюштурулган китеп көгөзмө менен тааныштыруу жана китепке болгон кызыгууларын арттыруу максатында экскурсия уюштурулган. Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр чыгамачылык жолу тууралуу кенен маалымат берилди . Экскурсиянын интерактивдүү бөлүгүндө берилген маалыматтарды бышыктоо максатында суроо- жооп ирээтинде викориналык оюн ойнотулду.
Суроолого туура жооп берген окуучуларга китепкана тарбынан белектер берилди. Окуучулар активдүүлүгүн көсөтүшүп акындын ырларынан жатка айтып беришти. Экскурсия окуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болуп, келечекте дагы ушундай иш-чараларды өткөрүү сунушталды. Аягында китепкананын баардык бөлүмдөрү менен таанышып китепкана иши тууралуу маалымат алышты.