
Адам укугу-бул эркиндик, акыйкатчылык, теңчилик
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залында Адам укуктарынын Жалпы Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына жана 25-ноябрдан 10-декабрга чейин аялдарга жана кыздарга карата болгон зордук-зомбулукту алдын алууга жана аны жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы күрөшүү акциясына карата “Адам укугу- бул эркиндик,акыйкатчылык, теңчилик” деген темада китеп сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөнүн ачылышына КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү, “Теңдеш” коомдук уюму, Теңир-Тоо газетасынын кабарчысы Токтогулова Ч жана китепкана кызматкерлери катышышты.
Көргөзмөгө укуктук-экономикалык окуу залынын башкы китепканачысы Жунусалиева тааныштырып, көргөзмөнүн максатына, маанисине токтолду.Адам укуктарынын Жалпы Декларациясы жөнүндө, кабыл алынышы, андан соң 9 конвенциянын кабыл алынышы, Акыйкатчы институтунун иш аракеттери боюнча Омбудсмен Андабеков Нурбек Турдугазиевич маалыматтарын берди. “Теңдеш” коомдук уюмунун башчысы Саякбаева Света зордук-зомбулукка каршы күрөшүү акциясы боюнча жана анын маани маңызы, бул акциянын жыл сайын жүргүзүлүүчү 25-ноябрдан 10-декабрга чейин “Эл аралык аялдарга карата зордук зомбулуктун түрлөрүн жоюу” боюнча түрдүү иш чараларды өткөрүп жаткандыгын белгиледи.
Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча “Теңдеш” коомдук уюмунун координатору, көптөгөн проектилер менен иш алып барган Рудбек кызы Нурайым сөз сүйлөп, кезегинде өзү да ошондой адам сатуу көйгөйүнө дуушар болгондугу, укугунун бузулгандыгы боюнча айтып өттү. Мына ошондон кийин ушул көйгөй боюнча проект жазып иштеп келе жаткандыгына токтолду. Андан соң “Зордук-Зомбулукка каршы күрөшөбүз” аттуу слайд көрсөтүлдү. Аягында 10-декабрь Бүткүл дүйнөлүк Адам укугун коргоо күнүнө карата шаарыбыздагы мектептердин 9-10-класстарынын арасында уюштурулган “Адам сатуу жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү” аттуу дил баян сынагынын жыйынтыгы 8-декабрда чыгарылаарын белгиледи.