
Адам укугу, миграция жана үй-бүлө
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залында 22-ноябрда Адам Укуктарынын Жалпы Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата «Адам укугу, миграция жана үй-бүлө” аттуу тегерек стол маеги болуп өттү. Бул иш чараны Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залы жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте даярдалды. Иш чарага КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигине караштуу Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан, Социалдык фонддон, статистика башкармалыгынан, ФОМС мекемесинен, Облустук ички иштер башкармалыгынан, Облустук прокуратурадан, Сот департаментинен, “Теңдеш” коомдук уюмунан, СПИД борборунан, Облустук казыяттан , адвокатурадан, коомдук активисттерден, жарандар , СМИ жана китепкана кызматкерлери катышышты. Тегерек столдо миграция боюнча роликтер көрсөтүлүп, жандуу талкуу болду. Миграциянын кесепетинен социалдык-экономикалык жана укуктук көйгөйлөр, миграциянын үй-бүлөгө тийгизген кесепеттери, мигранттардын өздөрү кабылган көйгөйлөр боюнча ой бөлүшүштү. Аягында бул көйгөйлөр боюнча резолюция кабыл алынды.