Акын-жазуучу, киноценарист, журналист Жыпаркүл Исабаева
Акын-жазуучу, киноценарист, журналист Жыпаркүл Исабаева 1967-жылы 20-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. Акындын өзү туулуп өскөн айылындагы китепканага ысымы берилиши Нарын эли үчүн жакшы жаңылык болду. Кыргыз эли сөз баалаган, сөз кадырын билген калк.
Акын өзү “Жакшы жазылган төрт сап ыр чон романга тете” дегендей чыгармалары окурмандардын эстетикалык табиттерин калыптандырууга, боорукерликке, ыймандуулукка жана адамгерчиликке үндөп, адамдагы асыл баалуулуктардын калыптануусуна кеңири жол ачат.
Китеп жана китепкана-эл байлыгы демекчи Сиздин ысымыңыз берилген китепкана айыл жаштарынын маданиятын жогорулатууга, бош убактыларын туура пайдалалануучу маданий очок болот деген ишненичтебиз. Сизге чыгармачылык ийгиликтерди кааламакчабыз.