None

52.21 КБ -

"Алгачкы агартуучу Марданшин Шамсиге 130 жыл

Марданшин Шамси 1896-жылы 26-январда Самара губерниясынын Көк-Теке деген айылында туулган. Улуту татар. Өзүнүн жазганы боюнча 1918-жылдын аягына чейин Кызыл Армияда взводдун командири болгон.1920-ж. 1-мартта Ат-Башы кыштагындагы "Ватан" мектебине мугалим болуп дайындалган. Ошондон баштап бүткүл өмүрүн райондун билим берүүсүнө арнаган. 1922-24-жылы Ача-Кайыңды башталгыч мектебинде мектеп башчы, 1931-34-жылы ШКМ мектебинин директору, 1934-жылдан Ак-Жар толук эмес орто мектебинин директору. 1942-жылы Баш-Кайыңды айылында мектепте директор,1945-жылы мектептин алдында жетим балдар үчүн интернат ачылган,ушул эле жылы төрт класстык мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилген. 1952-жылы ага  Кыргыз ССРинин "Эмгек сиңирген мугалими"  ардак наамы  ыйгарылган. Эки жолу Эмгек Кызыл Туу (1939,1949), Ленин (1950) ордендери менен сыйланган.Эмгекчил депутаттарынын Ат-Башы райондук Советинин аткаруу комитетинин председатели С.Базаров кол койгон 1949-жылдын 20-июнунда  15/5 чечими менен Марданшин Шамси 53 жашка чыккандыгына жана эл агартуу кызматында  30 жыл  сиңирген эмгеги эске алынып, Ат-Башы айылынын Фрунзе көчөсүндөгү 29 үй короо-жыйы менен түбөлүккө пайдаланууга берилген.

 


Омурова Зуура







Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.