“Алыкул-акындык аруулуктун үлгүсү” аттуу адабий музыкалык кече
Нарын району Эсенгул Ибраев атындагы Нарын райондук борбордук китепканасында 23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасынын кенже жаштагы балдарды өнүктүрүү борборунда кыргыз поэзиясынын жылдызы Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул-акындык аруулуктун үлгүсү” аттуу адабий музыкалык кече болуп өттү.
Адабий музыкалык кеченин уюштуруучулары: -Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Эмгек-Талаа айылдык китепканасынын китепканачысы Кенже Канаева Нарын райондук Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасынын кенже жаштагы балдарды өнүктүрүү борбору Кечеге катышкандар: -Эмгек-Талаа айылдык Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин 2-Б классынын класс жетекчиси Нарынкүл Төлөмүшовна окуучулары,ата-энелери менен бирге -Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери Иш чаранын максаты: -23-Апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук кунун белгилөө менен бирге китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу.
Кыргыз поэзиясынын жылдызы Алыкул Осмоновдун чыгармаларын жаш муундарга таанытуу. Иш чаранын мазмуну: Адабий музыкалык кечеде Кенже жаштагы өнүктүрүү борбору тарабынан “Китеп-жүрөктүн азыгы,акылдын таянычы” жана “Алыкул – поэзиянын алпы” аттуу китеп көргөзмө чыгарылып,балдарга Г.Х.Андерсендин “Түрү суук өрдөк” аттуу мультфилими көрсөтүлдү.
Эмгек –Талаа айыл аймагына караштуу Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин 2-Б классынын окуучулары залкар акын Алыкул Осмоновдун ырларды ырдашып,улуттук бийлерди бийлешти.Кеченин аягында Нарын райондук маданият бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Сарыгулович жана Нарын райондук Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасынын усулдук бөлүмүнүн башчысы Динара Жумашева окурмандарды китеп окууга үндөшүп,кечеге катышкан балдарга ыраазычылык билдирип,таттуулар таратылды.