Алыкул Осмоновдун 110-жылдыгына карата челлендж

Алыкул Осмонов  кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып,Токмок балдар  үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып,өз алдынча ыр жазып баштайт. 14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип 1928-1933-жж окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен  таанышат. 1930-жылы “Сапаттуу бол” гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу “Кызыл жүк” деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн  тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан  түшөт.

Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө  “Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган” бул  акын  өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана  нерсе эле. Ал  ыр  болчу. Алыкул Осмоновдун 110 –жылдыгына карата  өтүлгөн иш чарада  Дөбөлү айыл аймагындагы Чынгыз Айтматов атындагы айылдык китепканасы, китепканачы Сатарова Тынара, Алыш айылдык китепканасынын китепканачысы Ашырбаева Салтанат жана Кеңеш айылдык китепканасынын китепканачысы  Ажымүдүнова Нурзат   бирдикте өтүштү.

Алыкул Осмоновдун 110-жылдыгына  карата уюштурулуп жаткан челлендждин катышуучулары :  Ө.Токтосунов ж.о.ш. 3-классынын окуучулары Турдалиева Айдина, Бакытбеков Нурмухаммед,Сүйүндүков Айтемир.

 


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.