"Алымбек датканын акылмандыгы-эл үчүн кызматтын үлгүсү"
Алымбек датканын акылмандыгы — эл үчүн кызматтын үлгүсү" аталышындагы адабий кече 🇰🇬
7–8-ноябрь - "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата Нарын облустук китепканасында улуу тарыхый инсан "Алымбек датканын 255 жылдык мааракесине" арналган маанилүү адабий кече болуп өттү.
Бул иш-чаранын максаты - кыргыз элинин даңазалуу тарыхында акылмандыгы, эл үчүн кызмат кылган эрдиги менен из калтырган Алымбек датканын өмүрүн жана мурасын эскерүү, жаш муундарга үлгү катары тартуулоо болду.
🎭 Иш-чаранын жүрүшүндө:
- Мугалимдер менен студенттер *көркөм баяндамалары, **ой толгоолору* менен бөлүшүштү;
- *Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери* тарабынан Алымбек датка тууралуу таасирдүү *сценка* коюлду;
- *Нарын райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери* патриоттук ырларды аткарып, элдин рухун көтөрүштү;
- Улуу муун өкүлдөрү, коноктор өздөрүнүн *баалуу ойлорун жана насаат сөздөрүн* жаш муундарга насаат катары калтырышты.
*Бул кече тарыхты урматтоо, мурастарды баалоо жана мекенге болгон сүйүүнү даңазалоо максатында уюштурулду.
📍 Уюштуруучу: Нарын облустук китепканасы
🗓 Дата:11-ноябрь





