Асыл мурасты уланткан залкар манасчы - Саякбай Каралаев
4-декабрь Манас эпосунун күнү жана улуу манасчы С. Каралаевдин 130 жылдыгына арналган «Асыл мурасты уланткан залкар манасчы - С.Каралаев» аттуу конференция С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы жана К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи менен биргеликте уюштурулду. Конференциянын ачылышында китепкана директору А.Байгабатова жана Педогогикалык колледждин директору К.Асылбеков сөз сүйлөп, бул маанилүү датага арналган иш-чаранын маанисин белгилеп өтүштү.
Конференциянын алкагында китеп көргөзмө уюштурулуп, Манас эпосунун жана С. Каралаевдин мурасы жөнүндө маалымат берилип, Манас эпосунун маанисин жана анын кыргыз эли үчүн тарыхый жана маданий баалуулугу айтылды. Мындан сырткары, Манас эпосу жана С. Каралаевдин турмушу жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар видеослайддан көргөзүлүп, келген конокторго жана студенттерге манасчылардын каармандарынын өмүрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлү. Ошондой эле доклад окулуп, Манас эпосунун бүгүнкү күндөгү орду, анын кыргыз маданиятына кошкон салымы жана манасчы С. Каралаевдин эл арасында калтырган мурасы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Конференциянын экинчи бөлүгүндө сценкалар, ырлар жана бийлер тартууланды. Колледждин студенттери жана № 2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин 10-д классынын окуучулары, Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган Манас эпосунун айрым учурларын жана С. Каралаевдин каармандарын сахнада чагылдырды. Манас эпосунда кыргыз тарыхындагы саймаланып калган кыргыз өмүрү, кылымдар бою калыптанып келген акыл ой байлыгы катышуучуларга өтө чоң таасир берди. Конференциянын соңунда, катышуучуларга ыраазычылык сөздөр айтылып, бул тарыхый күндү эскерүү менен Манас эпосунун жана кыргыздын улуттук баалуулуктарын сактап калуу маанилүүлүгүн баса белгиленди.