
Кыргыз мамлекетин түзгөн ата-бабалар жолун улантуучу студенттер менен кызыктуу тегерек стол
Ак-Талаа райондук Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында Кыргыз мамлекетин түзгөн ата-бабаларыбыздын жолун улантуучу студенттер менен кызыктуу тегерек стол болуп өттү!*
🎓 Иш-чарага М. Барашов атындагы кесиптик лицейдин студенттери катышты, иш чаранын алкагында, Кыргызстандын тарыхы жана алгачкы аталардын орду тууралуу студенттер өз ой-пикирлерин бөлүшүп, баарлашуу жүргүзүштү.
Студенттер кыргыз элинин башталышына, мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздерине болгон көз караштарын айтып, дагы терең талкуу жүргүзүлүп ой пикирлерин ортого салышты.🗣️ 🎮 Ошондой эле, иш-чарада Кахут программасы аркылуу сынак өткөрүлүп, катышуучулар өлкөбүздүн тарыхы жана маанилүү учурлары боюнча билимдерин сынашты!
Бул сынак ар бир студент үчүн кызыктуу жана тарыхты таанып-билүүсу учун чоң мүмкүнчүлүк болду! Биздин тарыхты, аталардын иш-аракеттерин түшүнүү жана урматтоо — биздин келечегибиз үчүн маанилүү!