
АТАҢ БАРДА ЭЛ ТААНЫ, АТЫҢ БАРДА ЖЕР ТААНЫ - 15-МАРТ АТАЛАР КҮНҮ
Нарын райондук Э. Ибраев атындагы борбордук китепкананын "Эрте жаштагы балдарды өнүктүрүү борборунда" 15-март аталар күнүнө карата "Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны" аттуу иш чара болуп өттү.
Иш чарада "Ата сөзү-акылдын көзү" аттуу чакан слайд көргөзүлүп, "Атанын акылы-баланын байлыгы" деген темада китеп көргөзмө чыгарылды. Кечеге борборго келип жүргөн кенже курактагы балдар, ата-энелер ошондой эле N2 В.П. Чкалов, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин окучуулары жана чакырылган коноктор, аталар катышышты.
М. Баетов атындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси Кадыралиев Нурбек аталар күнү менен куттуктап, жагымдуу чыгарма аткарып берди. Иш чаранын максаты атанын жоопкерчилигин жогорулатууга, коомдун өнүгүшүнүндө аталардын ролун жана салымын таанытууга багытталды.