
Аталар күнү - акыл-насаат, ыйман, урмат күнү
Бүгүн Ак-Талаа райондук Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында Аталар күнүнө арналган "Ата үй бүлөнүн тиреги, коргоочусу! аталыштагы өзгөчө жылуулук тартуулаган жолугушуу болуп өттү! 🎉 🌸 Иш-чарага эки үй-бүлө катышып, аталарыбыз жаш муундарга акыл-насаатын айтып, тажрыйба, турмуш сабактары менен бөлүшүштү.
Окуучуларыбыз конокторго суроолорду берип кызыктуу маалыматтарды алышты. 🗣️ Алардын жүрөккө жеткен сөздөрү, өмүр сабактары ар бирибизге чоң мотивация жана руханий азык болду.
Бул күндө ата-бабаларыбыздын даңазалуу салттарын, акылмандыгын, мээримин дагы бир жолу даңазаладык. Ушундай керемет жолугушуулар көп болсун! 💫 Ар бир ата- үй-бүлөнүн баалуулугу, акылдын жана сүйүүнуен символу!