Аталардын осуяты – жашоонун жол көрсөтүчү

 Ак-Талаа райондук Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында "Аталардын осуяты – жашоонун жол көрсөтүчү" деген аталышта китеп көргөзмө уюштурулуп башкы китепканачы Абдразакова Айзада келген конокторго көргөзмөдо коюлган  ар бир материалдар боюнча кененирээк токтолуп баяндап берди  Көптөгөн кызыктуу жана маанилүү сөздөр менен эскерткен аталардын осуяттары биздин жашообузга ар бир кадамды туура басууга жардам берет.

Көргөзмөгө Ак-Талаа районундагы кол өнөрчүлөрүнүн чыгармалары да көргөзүлүп, байыркы искусствону жана кол өнөрчүлүктү жандандырып элдин кызыгуулары артты. Балдар, жаштар жана китепканага келген жалпы окурмандар кол өнөрчүлөрдүн эмгектерине таң калып, алар менен жакындан таанышышты.

Көргөзмөгө сүрөтчү агаларыбыз Акматбеков Эрнист агайдын, Ташпаев Рыспек агайдын, Өмүркулов Залкар агайдын жана Мусаев  Дайырбек агайлардын эмгектери коюлуп элдин кызуугуларын арттырышты, андан сырткары   Ак-Тал айылынын тургуну өзгөчө өнөрдүн ээси Жакыпов Сабыр агабыздын кол өнөрчүлук менен жазалган комуздары дагы көргөзмөгө келген коноктордун көңүл чордонунда болду.

📚 Ата-энелердин акыл-кеңештери жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери – биздин маданияттын бөлүгү, улуттук баалуулуктарыбыз!


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.