Автобустагы адабий акция

Адабият күнү — Нарын шаарынын тургундарынын жүрөгүндө!

Бүгүн Нарын облустук китепканасы өзгөчө маанай тартуулап, «Автобустагы адабий акциясы» ийгиликтүү өттү.

🚍 Автобустун ичин китепканачылар көркөм ырлар, терең маанилүү обондор жана Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча кызыктуу викториналар менен жандандырышты.

Шаардын тургундары күтүлбөгөн адабий белекти жылуу кабыл алып, айрымдар ырларды коштоп ырдап, поэзия айтышып, айрымдар викторинага активдүү катышып, калк арасында жакшы энергия, жылмаюу жана жакшылыктын маанайы жайылды.

✨ Адабият — адамдарды жакындатат.

Адабият — шаарга шаттык алып келет.

Бүгүн биз муну дагы бир жолу далилдедик! ❤️📖


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.