Аялдардын укуктары жана гендердик теңчилик
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленуучу Энелер күнүнө карата Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын укуктук-экономикалык залында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери үчүн "Аялдардын укуктары жана гендердик теңчилик" темасында укуктук окутуу уюштурулду. Иш-чарада Нарын райондор аралык Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын орун басары Абылова Г.С жана КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Андабеков Н. Т өз баяндамаларын жасашты. Энелерге өз укуктарын таанып-билүү жана аларды коргоо жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Энелер активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, адистерден так жоопторду алышты. Иш-чаранын максаты: энелердин укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, гендердик теңчилик жана укуктарын коргоо боюнча маанилүү маалыматтарды сунуштоо.