Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата өзгөчө майрамдык маанай

“1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө" карата Н.Кулназаров атындагы  маалыматтык китепкана тармагынын балдар бөлүмүндө өзгөчө майрамдык маанай түзүлдү! Балдарды жомоктор дүйнөсүнө саякатка чакырган кооз китеп көргөзмөсү уюштурулду. Түрдүү жомок, аңгеме, энциклопедиялар жана таанып-билүүчү китептер балдардын көңүлүн бурду. Максат — балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана аларды билим дүйнөсүнө багыттоо.

“1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө" карата Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  ‎ ‎Ж.Жапаров балдарга бактылуу балалык кен келечек каалады. Ак-Талаа райондук Ж.Сыдыков атындагы балдар билим борбору тарабынан  даярдалган концерттик программа жана Нарын шаарынан келген атайын аниматорлор уюштурган оюн зоок тартууланып, демөөрчүлөр тарабынан атайын балдарга баалуу белектер жана бал муздак таратылды.

 

Даярдаган:    Г.Исаева


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.