
“Балдардын укуктары” аттуу кезектеги сабак
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепкананын укуктук-экономикалык окуу залында жалпы адам укуктары жана тармактык укуктары боюнча “Балдардын укуктары” аттуу кезектеги сабак өттү.
Сабакты Нарын шаарындагы К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин 1-курсунун студенттерине, мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү-омбудсмен, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Андабеков Нурбек Турдугазиевич студенттерге балдардын укуктары, “Адам укуктарынын жалпы декларациясы”, “Балдардын укуктары боюнча конвенция” боюнча кеңири түшүнүк берип, “Балдар кодекси” боюнча кеңири түшүнүк берди.
Аягында жалпы адам укугу, мигрант болуп кеткен ата-энелердин балдарынын укуктары, эң негизгиси билим алуу менен көп нерсеге жетишээрин, ар бир адам өз укугун билсе коопсуз болооорун жана башка суроолорго жоопторду алышты.