None

76.33 КБ -

БҮГҮН ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ

БҮГҮН ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ
    📚 Бүгүн, 7-8-ноябрь – эгемен өлкөбүз  үчүн терең мааниге ээ болгон "Тарых жана ата ата-бабаларды эскерүү" күнү К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө Тарых музейин ,маданият үйү менен биргеликте ата-бабаларды  эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Алгач келген коноктор Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагы тарабынан даярдалган "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү"аталыштагы китеп көргөзмө менен таанышып чыгышты.Бул иш-чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары К.Эсеналиев, мекеме жетекчилери, коомдук уюмдар катышты.

Иш чарада алгач ата-бабалардын арбагына багышталып, куран окутулуп, Ак-Талаа райондук тарых музейи жана райондук китепкана  тарабынан даярдалган видеообаян  көргөзүлдү, маданият кызматкерлери тарабынан ырлар тартууланды.
Акимдин орун басары К.Эсеналиев  бул күндүн тарыхый ордун баса белгилеп, "Тарыхты эскерүү – бул жөн гана өткөндү унутпоо эмес, бул келечек муунга тамырларды таанытуу, патриоттуулукка тарбиялоо жана улуттук биримдикти бекемдөө экенин баса белгилеп айтып кетти.
Тарыхчы Апилов Мыктыбек агай ата-бабалардын эрдиги, эгемендүүлүк үчүн болгон күрөшү жана улуттук тарыхыбыздагы инсандар жөнүндө маалымат берип,жаштарды тарыхты унутпоого чакырды.
Кыргыз санжырачылар бирикмесинин мүчөсү Дегенбаев Токон агай улуулар тарыхты жана элдин келип чыгышы жана ата-бабалардан калган осуяттар жөнүндө кеңири баяндап, улуттук тамырыбызды биле жүрүү керек экендигин баса белгиледи.
🏆📚Иш чаранын соңунда райондук китепкана тармагы тарабынан Kaxoot программасы аркылуу даярдалган тесттик суроолорго катышып жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектерди алышты.
Бул иш чара- жаш муундарга тарыхты жана салтты таанытып,ата-бабалардын мурасын ыйык тутууга багытталган баалуу сабак болду.

Эске салсак, бул күн 2017-жылдан бери белгиленип келет.


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.