
Бүткүл дүйнөлүк Адам укугун коргоо күнүнө жана “Аялдарга каршы зордук зомбулукту жоюу” күнүнүн алкагында
Адам укуктарынын Жалпы Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына, 10-декабрь Бүткүл дүйнөлүк Адам укугун коргоо күнүнө жана “Аялдарга каршы зордук зомбулукту жоюу” күнүнүн алкагында уюштурулган 16 күндүк акцияны утурлап шаарыбыздагы мектептердин 9-10-класстарынын арасында “Адам сатууга жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү” аттуу дил баян сынагынын жыйынтыгын чыгаруу үчүн атайын даярдалган “Зомбулук кылбай адамга, ар-намыс менен жашайлы” аттуу иш чара болуп өттү.Бүгүнкү иш чаранын өнөктөштөрү жана демөөрчүлөрү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Теңдеш” коомдук уюму, жеке демөөрчү эмгектин ардагери, экс омбудсмен Жаанбаев Тойгонбай агабыз болду.
Иш чарага дил баян сынагына катышкан окуучуларыбыз, мугалимдер, шаардык билим берүү бөлүмүнөн, Пресса, китепкана кызматкерлери, ардагер окурмандарыбыз жана укуктук-экономикалык окуу залы менен көп жылдан бери өнөктөш болуп биргеликте иш алып барып келген “Теңдеш” коомдук уюму жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү катышышты. Иш чарага №1 Токтогул орто мектебинин мектеп парламенти тарабынан даярдалган “Адам сатуу- бул кылмыш” аттуу видео роликти мектеп турмушунан алып тарткан окуяга күбө болдук.Иш чарада КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлү Андабеков.Н.Т, “Теңдеш” коомдук уюмунан Саякбаева Света, Рудбек к Нурайым, адвокат Асанов Ы. Экс омбудсмен Жаанбаев Т жана эмгектин ардагери ,активдүү окурман Ашыралиев Төлөгөн аталар сөз сүйлөп жаштарды укугу менен милдеттерин билүүгө, ата-эненин, улуулардын насаат сөздөрүн угуп, маалыматтуу болууга үндөдү.Төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды.
1. Гран при - Жолдубаева Тумар №8 А.Буйлашов 9-д класс кырг.тил. ыр тур.
2. 1-орун - Осмонбекова Аима №5 К.Жакыпов 10-а кл. Орус тилиде
3. 1-орун - Жумабекова Асема №2 В.Чкалов гимназия 9-в кл кырг тилинде
4. 1-орун - Абдыгулова Арууке №8 А.Буйлашов 10-б-кл кыргыз тилинде.
5. 2-орун -Сакенова Алия № 10 Ж.Чолпонбаев 10-а кл кыргыз тилинде
6. 2-орун -Алмазбекова Аэлита №8 А.Буйлашов 10-г класс кыргыз тилинд
7. 2-орун -Жусупмамбетова Аяна №2 В.Чкалов гимназия 9-г кл орус тилинде
8. 2-орун -Мукамбетова Айназик № 10 Ж.Чолпонбаев 9-а кл кыргыз тилинде
9. 3-орун -Темирбекова Уулжан № 8 А.Буйлашов 9-г кл кыргыз тилинде
10. 3-орун -Усенова Айназик №4 Э.Ибраев мектеби 9-в кл кыргыз тилинде
11. 3-орун -Болотбеков Аманбек №7 М.Сыдыков мектеби 9-г кл кыргыз тилинде
12. 3-орун -Дайырбекова Аделина №4 Э.Ибраев мектеби кыргыз тилинде
13. 4-орун -Денизбекова Дастан №2 В.Чкалов гимназия 9- кл орус тилинде
14. 4-орун -Турусбекова Мадина №5 К.Жакыпов мектеби 10-а кл орус тилинде
15. 4- орун -Шабданбекова Адеми №8 А.Буйлашов 9-г кл кыргыз тилинде
16. 4-орун -Русланова Айназик №4 Э.Ибраев мектеби 8-а кл орус тилинде
Андан сырткары 27 окуучу кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.