Чыгармалары аркылуу аалам кезген - Айтматов
Бүгүн Нарын облустук С. Орозбаков атындагы маалыматтык китепканада “Чыгармалары аркылуу аалам кезген - Айтматов” аталышындагы иш - чара өткөрүлдү. Бул адабий иш- чара маалыматтык китепкананын тейлөө бөлүмүнүн бир айлык планынын алкагында өттү. Ага китепкана кызматкерлеринен тышкары Нарын мамлекеттик университетинин жана Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышышты.
Катышуучулар арасында Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча кызыктуу викториналык оюндар уюштурулду. Студенттер залкар жазуучунун “Ысык- Көлдү сагынуу” ырын жандуу ырдап беришти. Андан тышкары эки топко бөлүнгөн студенттер Чыңгыз Айматовдун “Биринчи мугалим” жана “Ак кеме” повесттериндеги каармандарды сүрөт аркылуу чагылдырышып, суроо - жооп аркылуу талкулашты. Ошондой эле, улуу прозаиктин чыгармаларынан көркөм окуулар орун алды.