ДЕБАТ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ДЕБАТ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ🏆

Нарын облустук китепканасы тарабынан уюштурулган

«Зордук-зомбулукка, адам сатууга жол бербейли!» аттуу дебат жогорку деңгээлде өттү.

📌 Бул иш-чарага Нарын шаарындагы бардык орто мектептер активдүү катышып, жаштар өздөрүнүн укуктук билимин, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана жарандык позициясын көрсөтө алышты.

🎯 Сынактын максаты – зордук-зомбулукка жана адам сатууга каршы коомдук аң-сезимди калыптандыруу, кыргыз тилин өнүктүрүү жана жаштардын логикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн арттыруу болду.

🥇 1-орун – «Билимкана»

🥈 2-орун – №5 К. Жакыпов атындагы орто мектеп

🥉 3-орун – №7 М. Сыдыков атындагы орто мектеби

🥉 3-орун – №2 В. П. Чкалов атындагы орто мектеби

🏅 Жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

⚖️ КАЛЫСТАР ТОБУ:

- Нарын облустук сот департаментинин башкармалыгынын кызматкери -Рысбекова Алсу;

- Нарын ОИИБнин милициянын кызматкери, капитан - Урмат Иманбеков;

- Нарын шаарынын билим берүү бөлүмүнүн адиси- Жолдубаева Анар;

🤝 Демөөрчүлөр жана уюштуруучулар:

— Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн Экс өкүлү Жаанбаев Тойгонбай

— Нарын облустук китепканасынын укуктук экономикалык окуу залынын кыхматкерлери- С.Бабаканова, С.Жакыпова

🙏 Иш-чарага салым кошкон бардык мектептерге, демөөрчүлөргө, мугалимдерге, калыстар тобуна жана активдүү катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.