Джен Синсер - Наалыба жаңы китептин бет ачары

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы укуктук-экономикалык окуу залында 22-октябрда Джен Синсеронун “Наалыба” аттуу жаңы келген китептин бет ачары К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин студенттери менен өткөрүлдү.

Китептин автору өзүнүн башынан өткөргөн катачылыктары, кыйын жашоодо жашагандыгын жана жаңы жашоо баштап, алдыга умтулуу менен, өзүн-өзү өстүрүүчү окууларга катышып, оюн оңдоп, өзүн баалай билүүгө, көп акча таап жашоону өзгөртүүгө багыт алгандыгы баяндалат.

Окурмандар бул китептен: Ой  жүгүртүүңүздү  акчаны  четке  кага тургандай  эмес,  өзүңүзгө  тарта  тургандай кылып  тескөөнү; акчаны энергиялык  агым  катары  кабыл  алып,  аны  жөнгө  салуунун  сырларын билүүнү; сүйлөгөн  сөзүңүздү  терс пикирлерди  оозанбагандай  кылып  оңдоону; кайдыгерликти эмес,  алдыга  умтулууга  болгон  кумарланууңузду  өнүктүрүүнү; эмоцияларыңызды  акча  табуунун  бир  шайманына  айлантууну үйрөнүшөт.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.