Элдин эрки – эркиндиктин негизи аттуу жолугушуу кече

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасы тарабынан    “24-март Элдик революциянын 20 жылдыгына жана 7-апрель 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына карата даярдалган “Элдин эрки – эркиндиктин негизи” аттуу  жолугушуу кече болуп өттү.

Жолугушууга Элдик революциянын баатырлары  Нарындагы Элдик кыймылдын мүчөсү, апрель революциясын дегиздөөчүсү, юрист жана адвокат Эркин Асаналиев, КРнын Даңк медалынын ээси, Нарын облусунун, Нарын шаарынын ардактуу атуулу Жаманова Асыл, Жумабаева Бактыгүл, Жусубакунов Жыргал, Койчиева Гүлбүбүлөр катышышып, элдик революциянын келип чыгышы,максаты жана эки ыңкылаптын айырмачылыктарын талдап, көзү өтүп кеткен баатырларыбызга арналып куран окулуп, Нарын педагогикалык колледждин студенттери баатырларга арналып чыгарылган ырлардан көрком окушту. Шаарыбыздагы М.Баетов атындагы райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери Санжарбек уулу Дастан жана Келдибек кызы Жайна ыр десте тартуулашты.

”Тарыхта калган улуу эрдиктер” аттуу китеп сүрөт көргөзмөгө башкы китепканачы Аманат кызы Гүлзада маалымат берип, Элдик ыңкылаптар жөнүндө видео роликтер жана “7-апрель элдик революция күнү” аттуу слайд көрсөтүлдү.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.