Элибиздин түбөлүктүүлүгү эне тилинде

Бүгүн  китепканада  Мамлекеттик  тил күнүнүн урматына мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө шарт түзүү аны баардык тармактарда колдонуу жана жарандарда мамлекеттик тилге болгон сый -урматтты калыптандыруу анын макамын даңазалоо максатында кыргыз тили боюнча бир айлыктын негизинде “Элибиздин түбөлүктүүлүгү эне тилинде ” деген темада адабий кече уюштурулду.
♦️Ат-Башы райондук Кубанычбек Кожоев  атындагы балдарга билим берүү борборунун  тарбиялануучулары, мугалимдери,китепканачылар, маданият бөлүмүнүн чыгармачыл тобу менен биргеликте  өткөрүлдү.
♦️Бул күн-кыргыз тилинин мамлекеттик макамын бекемдөө, анын өнүгүшү  жана коомдогу  ролун  жогорулатуу үчүн чоң мааниге ээ болгон улуу даталардын бири.
♦️Кыргыз тили — биздин улуттук байлыгыбыз, тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана өз алдынчалыгыбыздын негизги белгиси. Ар бир эл өз тили аркылуу дүйнөгө таанылат, ал эми эне тилди сактоо — келечек муундар үчүн чоң аманат.

📘Кыргыз тили күнүндө биз ата-бабаларыбыздын мурасын эскерип, жаштарды тилге урмат-сый менен мамиле кылууга чакырып,  эне тилибизди өркүндөтүп, мамлекеттик деңгээлде колдонууга жана дүйнөгө таанытууга болгон аракетибизди даңазалаган  көркөм окуулар, көөнө сөздөр, кыргыз тилине арналган кроссворд. Ш.Дүйшеев  “Тил сөздүк”,
 карыя менен милициянын макал-лакап  айтышуусу , акыйнек  жана маданият үйүнүн  кызматкерлери майрамдык маанай тартуулашты.
📘Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Калдыбаева Атыркүл жана окурмандар катышты.

📘Кыргыз тилин сүйүү — бул улутубузду сүйүү. Тил сакталса, эл да сакталат!


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.