«Эмгектен баар тапкан фермер» аттуу жолугушуу кече
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын Манас таануу жана маалымат берүү залында КРнын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында «Эмгектен баар тапкан фермер» аттуу жолугушуу кече болуп өттү. Кечеге Орто-Нура айылынын тургуну фермер Жумабеков Көчкүнбек С. Нааматов атындагы НМУнун алдындагы Агрардык техникалык- экономикалык колледжинин Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн технологиясы адистигинин студенттерин мугалими менен катышышты.
Ар бир адам көп өнөрдүн ээси болууга эмгекчилдиги менен жетет дегендей, жер иштетүүгө кызыккан фермер, картошканын бир канча сортун Голландиядан жана башка жерден алдырып, жергиликтүү шартка ылайыкташтырып өстүрүп бир жылда 8-10 тоннадай түшүм алып, картошка өстүрүп бизнес кылуу үчүн атайын техника, сугат жабдуулары, картошканы жазга чейин сактоого атайын кампаларды даярдап, зыянкечтерге каршы дарылоо , үрөндү өз убагында жаңыртуу, жер семирткичти себүү керек экендигин өздөштүргөн фермер өзүнүн иш тажрыйбасын студенттер менен бөлүштү. “Эр эмгегин жер жебейт” аттуу китеп көргөзмөгө баяндама берилип, интелектуалдык оюндар ойнотулуп жеңүүчүлөргө китеп белекке берилди.