None

127.68 КБ -

ЭНЕ ТИЛ -УЛУТ БАЙЛЫГЫ

С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасында 21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тил-улут байлыгы” аталышындагы маданий иш-чара болуп өттү.

Иш чарага КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан Султанбеков Темирлан Султанбекович, Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Бугубаев Кадыркул, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Нарын облусундагы жетекчиси Абдыкеримов Амантур Усенович, Нарын шаарында жашап жана иштеп жаткан жапон, корей, америка, пакистан жана тажик улутунун өкүлдөрү, БАУнун, НМУнун, НПКнын студенттери , мектеп окуучулары катышышты. Иш-чаранын алкагында кыргыз тилинин тарыхы, басып өткөн жолу тууралуу маалыматтар берилип, “Эне тил-улут байлыгы” китеп көргөзмөсүно баяндама жасалды.

Иш чарага чакырылган ар улуттун өкүлдөрү өз тилдери, тарыхы жана маданияты тууралуу маалымат беришип иш чара кыргыз тилин даңктаган ырларды көркөм окуу менен коштолду,ошондой эле тилин өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн кыргыз тили мугалимдерине КР Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын грамоталары тапшырылды. ‎


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.