
Эне тил – улуттун жүрөгү!
Эне тил – улуттун жүрөгү!
23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү! Бүгүн Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканада “Эне тил – улуттун руханий дөөлөтү” -аттуу майрамдык кече өтүп, эне тилдин түбөлүктүүлүгү даңазаланды.
Иш-чарага маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, музей жана театр өкүлдөрү, Н.Жундубаева атындагы мектептин окуучулары катышып, көркөм окуу жана кызыктуу оюндар менен иш-чарага көрк кошушту.
Китепканачы Сыдыканова Жазгүл “Улут болсом – тилим менен улутмун” -аттуу китеп көргөзмөгө баяндама жасап, эне тилдин улуттук биримдиктеги ордун белгиледи.
Иш-чара ыр, белек жана бий менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.