Эне улуттун руханий өзөгүн түптөгөн улуу күч

    Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасында " «Эне улуттун руханий өзөгүн түптөгөн улуу күч» аттуу Энелер күнүнө карата иш чара болуп өттү. КРнын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 жарлыгынын негизинде чыгарылган “Улуттук дем-дүйнөлүк бийитик” унгу жолун ишке ашыруу, коомчулукка жайылтуу максатында жана “Энелер күнүнө” карата Нарын шаардык Аялдар кенеши, Тенир-Тоо айымдар конгреси жана Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасы  менен биргеликте уюштурулду. Майрамдык кечеге Нарын шаарындагы баатыр энелер, лидер айымдар жана мамлекеттик  кызматтагы жетекчи айымдар, Тенир-Тоо аялдар конгрессинин жана Аялдар кенешинин мүчөлөрү катышышып Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрынын артистери тарабынан  Энелерге арналган  ыр күүлөр менен коштолду.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.