
"Энелер тилеги- бейкуттук жана ынтымак"
"Энелер тилеги- бейкуттук жана ынтымак" аттуу сынагы баалуу белектери менен жыйынтыкталды
📕Китепканада Аялдар кеңешинин айымдарынын арасында китеп окуу боюнча сынак болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты – айымдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, руханий байлыгын кеңейтүү жана билимге болгон умтулуусун даңазалоо болду.
♦️Салтанаттуу тапшыруу аземинде мыктылардын мыктысы деп табылган айымдарга баш байгелер тапшырылды.
♦️Сынактын жеңүүчүлөрү:
1-орун Ниязбекова Дамира (Кызыл-Туу айылы)
2-орун Чоколоева Гулзат (1-май айылы)
3- орун Токтоналиева Перизат (Баш-Кайынды айылы)
Алтын шакектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Бул белек айымдардын китепке болгон сүйүүсүн, билимге болгон талыкпас умтулуусун баалоонун жана урматтоонун белгиси катары берилип, иш-чаранын көркүн ачты.
Демөөрчүлөргө китепкана жамааты терең ыраазычылык билдиребиз.
1.Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы Мөндүрбаева Ырыс
2.Таза -Билим окуу борборунун негиздөөчүсү Жыргалбеков Эрлан
3.Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы Мелис уулу Улукбек