Кара-Күңгөй №23 жана Кара-Саз №18 айылдык китепканаларында китепканалар аралык тажрыйба алмашуу семинары

   20-июнь күнү Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепкананын демилгеси менен Кара-Күңгөй №23 жана Кара-Саз №18 айылдык китепканаларында китепканалар аралык тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү.

Семинардын биринчи бөлүгү Кара-Күңгөй №23 айылдык китепканасында өтүп, китепкана башчысы Осмоналиева Тилек конокторду тосуп алып, китепкананын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. "Китепканалар – билимдин жана маданияттын борбору" - темасында семинарды ачып, китепкананын иш багыттарын жана жаңыча ыкмаларын кеңири баяндады.

Иш-чара 8 бөлүмдөн туруп, катышуучулар төмөнкү темалар боюнча маалымат алышты: – Өзүн жана иш тажрыйбасы менен тааныштыруу – Китепкананын имараты жана шарттары – Көрсөткүчтөр, жаңыча иш ыкмалары, каталогизатор, өнөктөштүк картасы – Иш кагаздары менен иштөө – Китеп көргөзмөлөрү, бурчтар, плакаттар – Китепканада уюшулган клубдар (Дилгир, Саймалуу таш, Багыт) – Жаңыча ыкмалар менен иштөө (инсталаб, кендибар, букбрендинг ж.б.) – "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”- уңгужолу жана "Китеп дарагы" бурчтары Конокторго чакан белек катары бонбоньеркалар тартууланып, райондук китепкананын директору Султаналиева Б.М. жана башка коноктор өз пикирлерин билдиришти. Семинардын экинчи бөлүгү Кара-Саз №18 айылдык китепканасында улантылып, китепкана башчысы Туратбекова Асель китепкана менен, ошондой эле иш кагаздары менен тааныштырды. Бул бөлүктүн темасы — "Библиографиялык иштер жана картотекалар"- болуп, ушул багытта системдүү иш-аракеттер сунушталды. Китеп көргөзмөлөр тууралуу баяндама берилип, "Библиография"- боюнча презентация аркылуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, катышуучулар төмөнкү бурчтар менен таанышты: "Электрондук китеп текчеси" "Сайттарга саякат" "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”- уңгужолу "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" “Балдар бурчу” Семинар учурунда активдүү окурмандар сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүп, ырлардан көркөм окуп беришти.

Иш-чара соңунда мыкты окурмандарга ыраазычылык каттар тапшырылып, семинар жылуу маанайда жыйынтыкталды. Семинарга райондук китепкананын директору Султаналиева Б.М., башкы китепканачы Замир кызы Баян, жетектөөчү китепканачы Абыкеева Гүлзат, тейлөө бөлүмүнүн башчысы Сооронбаева Гүлмира, балдар бөлүмүнүн башчысы Бейшеналиева Венера, ошондой эле айылдык китепканачылар катышып, пайдалуу тажрыйба жана мотивация алышты. Бул семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, аны ийгиликтүү өткөрүүгө китепкана башчылары Осмоналиева Тилек жана Туратбекова Асель чоң салым кошушту.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.