Кел Ноорузум
Нарын районуна караштуу Эки-Нарын айылында “Кел Ноорузум” аттуу иш чара болуп өттү. Эки-Нарын айылдык китепкананын китепканачысы Мамыбекова Миргул . Иш чара мыкты денгээлде өттү.
Эгемендикти алгандан бери кыргызстандыктар Ноорузду аянттарда шаан-шөкөтсүз,сүмөлөксүз жана арча жыты жок элестете албайт. “Алас, алас! Ар балээден калас!” бул сөздөрдү кыргызга түшүндүрүүнүн кажети деле жок. “Өзүбүздү, айланабызды,оюбузду тазарталы , таарынычтарды кечиришели” деген ой менен арча түтөтүп, ырым жырымын жасашып,улуу адамдар батасын беришкен.
Нооруз майрамыныздар кут болсун! Жүрөгүбүз ыйманга, көңүлүбүз мээримге, жашообуз жакшылыкка, ишибиз ийгиликке, үйүбүз кутка, жаңырган жылыбыз жакшылыктын, бейкуттуктун жылы болуп , ниетибиз оңолуп, ынтымагыбыз бекемделип , ден-соолукта бололу. Эли журтубуз менен бирге тынчтыкта бактылуу, дөөлөттүү, кадырлуу бололу! Иш чара айыл эли жана бала бакча менен биргеликте өткөрүлдү.