"Китеп — акыл азыгы": Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган семинар.

Бүгүн 23-апрелде Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканасы жана К.Жунушов атындагы балдар китепканасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында    "Китеп — акыл азыгы"- аттуу семинар уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — окурмандардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, китеп окуу маданиятын жайылтуу, руханий баалуулуктарды даңазалоо жана улуу мурастарды кийинки муунга жеткирүү болуп саналат.

Иш-чара үч багытта уюштурулду: 1. Китеп күнүнө арналган бөлүк Семинар китептин тарыхы тууралуу даярдалган мазмундуу слайд менен ачылып, китептин инсан турмушундагы орду тууралуу кеңири баяндалды. “Ар бир китеп – жаңы дүйнөнүн эшиги”- аттуу китеп көргөзмөгө  башкы китепканачы Замир кызы Баян жана тейлөө бөлүмүнүн китепканачысы Кожобек кызы Самара терең анализдер менен баяндама жасашты. 2. Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган бөлүк Кыргыз поэзиясынын алп өкүлү, акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдык мааракеси белгиленип, анын өмүрү, чыгармачылыгы жана мурастары тууралуу “Талант сыры” аттуу слайд көрсөтүлдү. Көркөм окуулар уюштурулуп, акындын ырлары аркылуу катышуучуларга эстетикалык ырахат тартууланды. 3. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган бөлүк Бул бөлүк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналды. “Улуу Жеңишке 80 жыл” аттуу слайд-презентация аркылуу тарыхый элес жаңыртылып, эрдик, биримдик жана патриоттук рухка сугарылган баяндар айтылды.

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү — Жаңы китептердин бет ачары Иш-чаранын эң өзгөчө жана күтүлгөн бөлүгү — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун чыгармачылыгына арналган китеп бет ачары болду. Анын “Ой санат”, “Жол санат”, “Нарк куржун” жана “Нарк куржун 2” аттуу китептери кеңири тааныштырылып, бул эмгектер аркылуу коомдук аң-сезимди ойготуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо темалары баса белгиленди. Китептерди башкы китепканачы  Замир кызы Баян, китепканачы Кожобек кызы Самара, жетектөөчү китепканачы Абыкеева Гүлзат жана балдар бөлүмүнүн башчысы Бейшеналиева Венера презентациялашты.

Окурмандардын чыгармачылыгы — сахнада Иш-чаранын жүрүшүндө К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин жана Н.Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар “Түлкү менен кааз”, “Китептер жана телефон”, “Атадан калган туяк” аттуу сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Бул сценкалар аркылуу окуучулар китептин баалуулугун, муундар ортосундагы байланыштын маңызын жана заманбап ойлор менен улуттук рухту чагылдырышты.

Китепке болгон урмат — сыйлык менен коштолду Семинардын соңунда “Китеп жөнүндө асыл ойлор” аттуу слайд  көрсөтүлүп, иш-чаранын жыйынтыгында активдүү окурмандарга сыйлыктар  тапшырылды. Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп, жетектеген — Тейлөө бөлүмүнүн башчысы Сооронбаева Гүлмира.

Бул иш-чара — китеп дүйнөсүнүн баалуулугун жана сөздүн күчүн даңазалаган, руханий азык берген маанилүү окуя катары көптөгөн окурмандардын жүрөгүнөн орун алды.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.