“Китеп дүйнөсүнүн кулпусу жок” Шайлообек Дүйшеев 75-жашта
23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата өтүлгөн фестиваль боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу” Жарлыгынын алкагында Жумгал райондук С.Байгазиев атындагы борборлоштурулган китепканасы 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата “Китеп дүйнөсүнүн кулпусу жок”, Шайлообек Дүйшеев 75-жашта аталышындагы китеп-сүрөт көргөзмөлөр чыгарылып, акындын ырларынан көркөм окулду.
Райондук китепкана тарабынан түзүлгөн иш пландын негизинде айыл аймактарындагы китепканалар бөлүнгөн иш чаралар боюнча китеп -сүрөт көргөзмөлөрүн чыгарышып, көркөм ырлары окулду.
№1 Жумгал айылдык китепканасы №23 Лама айылдык китепканасы №5 Чоң-Дөбө айылдык китепканасы |
“Китеп билимдин булагы” (китеп сүрөт көргөзмө) “Жусуп Баласагындын туулган күнүнө 1010 жыл” |
№3 К.Сыдыкова атындагы Кызарт айылдык китепканасы №4 С.Ниязалиев атындагы Куйручук айылдык китепканасы
|
“Китеп биздин досубуз” (китеп сүрөт көргөзмө)
“Кыргыз адабиятынын классик акыны-Алыкул Осмонов ” (110 жыл) |
№7 Осмон уулу Касымаалы атындагы Түгөл – Сай айылдык китепканасы №30 Эпкин айылдык китепканасы |
Китепти ачсаң, китеп сени ачат” (китеп сүрөт көргөзмө)
“Акын, прозаик М.Элебаев” (120 жыл) |
№8 Баш – Кууганды айылдык китепканасы №9 Орто Кууганды атындагы айылдык китепканасы №10 А.Токтомушева атындагы Байзак айылдык китепкана |
“Билимдин кенчи китепте” (китеп сүрөт көргөзмө)
“Мамлекеттик жана партиялык ишмер – Исхак Раззаков” (115 жыл) |
№16 К.Казыбеков атындагы Кызыл-Жылдыз айылдык китепканасы №13 С.Көбөгөнов атындагы Көк-Ой айылдык китепканасы |
“Китепсиз акыл-канатсыз куш” (китеп сүрөт көргөзмө)
“Акын, Кыргыз Эл Баатыры – Сооронбай Жусуев”(100 жыл) |
№14 А.Карасартова атындагы Өрнөк айылдык китепканасы №15 Миң-Куш айылдык китепканасы |
“Күч-билимде, билим-китепте” (китеп сүрөт көргөзмө)
“Бактыгүл Чотурова” (70 жаш) |
Иш чарага Жумгал таланттары союзунун мүчөсү Босумбаева Чолпон, “Нур-Булак” үй бүлө тибиндеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана директору Узакбаева Каныкей , маданият бөлүмүнүн башкы адиси Ырыскулова Азем жана китепканага келген окурмандар менен биргеликте жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдүн китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана билимдүү болууга чакыруу. Фестивалдын жыйынтыгында куттуктоо сөздөр айтылып, фестивалга активдүү катыштан кызматкерлерге сертификаттар ыйгарылды. Иш чара өз максатына жетти деген ишеничтебиз.