Китеп окуу – үй-бүлөлүк баалуулук
«Китеп окуу – үй-бүлөлүк баалуулук» 
Окуучулардын кышкы каникулун пайдалуу өткөрүүгө, китеп окуу маданиятын жайылтууга жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган «Китеп окуу – үй-бүлөлүк баалуулук» аталышындагы китеп окуу конкурсу Нарын облустук китепканасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.
Конкурс үч китептин негизинде өткөрүлдү. Окуучулар:
«Эр Төштүк» эпосу,
«Өзүңдү оку»,
«Манастын бала чагы»
аттуу китептерди окуп, алардын мазмуну боюнча тест тапшырышты.
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:
Гран-при
— Рахатбеков Али, №2 Чкалов атындагы орто мектеп (5-класс)
1-орун
— Элебесова Айтолкун, №4 Э. Ибраев атындагы орто мектеп (6-класс)
2-орун
— Юсупова Элима — апасы менен окуган
— Алишева Адеми — таякеси менен окуган
(Түрк лицейи, 6-класс)
3-орун
— Сатыгулова Сафия, Ийри-Суу айылы
— Карынова Камила, №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектеп
Сыйлык тапшыруу аземине Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн орун басары Айдана Керимбековна өзү келип, жеңүүчүлөргө Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн баалуу белектерин тапшырды.
Китеп окуу — билимдин ачкычы,
үй-бүлөлүк тарбиянын негизи!





