Китеп - укуктук дүйнөгө жол көрсөтүүчү чырак
"Китеп - укуктук дүйнөгө жол көрсотүүчү чырак" аттуу жолугушуу
Нарын облустук С. Орозбаков атындагы маалыматтык китепкананын укуктук-экономикалык бөлүмүндө “Китеп – укуктук дүйнөгө жол көрсөтүүчү чырак” аттуу иш-чара болуп өттү.
Жолугушууга юрист С.Эралиева катышып, укуктук маалыматтар жана практикалык кеңештер менен бөлүштү. Катышуучулар суроолорун берип, пайдалуу жоопторду алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө китеп көргөзмө көрсөтүлүп, Нарын шаарындагы Кыргыз улуттук табигый гуманитардык илимдер факультетинин мугалимдер Кыдыров Рысбек Зарлыкович, китепканачы Желдеңбаева Жылдыз жана студенттер активдүү катышышты.
Бул жолугушуу жаштарды укуктук сабаттуулукка жана китеп окууга үндөгөн маанилүү иш-чара болду. Жолугушууда мугалимдер өз ойлорун билдирип, суроо-жооп түрүндө жигердүү талкуу жүрдү. Студенттер активдүү катышып, аларга китептер белекке берилди.
Иш-чаранын максаты – жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана китеп аркылуу мыйзамды терең түшүнүүгө үндөө болду





