“Китеп-жаркын келечекке жол ачат” аттуу китеп фестиваль - 2024

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы, Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы китепканалар жана Борбордук Азия университетинин китепканасы, USAID “Окуу керемет” долбоору менен биргеликте уюштурулган 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган “Китеп-жаркын келечекке жол ачат” аттуу китеп фестиваль-2024 иш чарасы Нарын шаарынын борборундагы СМАРТ эс алуу паркында салтанаттуу маанайда өткөрүлдү.

Иш чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында уюштурулуп, “Кыргызстан: тарых жана мезгил”, “Теңир - Тоолуктар адабият майданында” аттуу жайылтылган китеп көргөзмөлөр чыгарылып, кыргыз элинин улуу мурасы болгон "Манас" эпосунан үзүндү айтуу менен башталды.

Фестивалда кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошкон улуу инсандар Абдыкадыр Орозобеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаевдердин ишмердүүлүгүнөн алынган көркөм композициялар, көркөм окуулар, улуттук нарктын үлгүсүн чагылдырган сценкалар менен коштолду.

Иш чаранын программасында: “Китеп-акыл азыгы” аттуу үй-бүлөлүк китеп окуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жергиликтүү акын жазуучулар менен жолугушуулар, “Чоңдорду окутуу борборунун” көргөзмө ярмаркасы, “Америка борборунун” ресурстары окурмандардын кенңири катмарына тартууланды. “Мекеним Кыргызстан” асфальтка сүрөт тартуу конкурсу, кол өнөрчүлүк боюнча мастер класстар, стол үстүндө ойнолуучу оюндар, викториналар, концерттик программалар жана китеп окууга багытталган флешмобдор менен коштолду.

БАУнун китепкана башчысы Ахмад Али Шах жетектеген кызматкерлер улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча викториналык оюндарды өткөрүп, жеңүүчүлөрдү кызыктыруучу сыйлыктар жана китептер менен сыйлашты.

Иш чарага мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, өнөктөштөр, окурмандар, шаар тургундары катышты.

2024, 23-апрель. Нарын шаары


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!