Китепкана дүйнөсүндөгү жаңы идеялар жана тажрыйбалар
Китепкана дүйнөсүндөгү жаңы идеялар жана тажрыйбалар
XXIII Эл аралык конференция 2-күн
Бүгүн конференциянын катышуучулары заманбап китепканалардын талаптары, инновациялар жана жасалма интеллекттин китепканалык кызматтардагы ролу тууралуу баалуу баяндамаларды укту.
Бул конференция жаш адистердин, ыктыярчылардын жана тажрыйбалуу китепкана жетекчилеринин баалуу тажрыйбасын бириктирип, китепканалардын жаңы доордогу ордун аныктоого жардам берүүдө.
Китепканалар коомдогу өзгөрүүлөргө жана санариптик доордун чакырыктарына жооп берүүдө. Эл аралык конференциянын алкагында жаш адистер, ыктыярчылар жана тажрыйбалуу жетекчилер китепканалардын жаңы багыттарын талкуулашты.
Талкууланган негизги темалар:
Жасалма интеллектти китепканалык кызматтарда колдонуу
Китепкана – билим, инновация жана социалдык демилгелердин борбору
Жаш адистердин жана ыктыярчылардын уникалдуу компетенциялары
Цифралык колдонмолорду окурмандарды тартуу үчүн пайдалануу
ОВЗ колдонуучулар менен иштөөдөгү мыкты практикалар
Оюндар жана жаңы форматтар аркылуу китепканага кызыгууну арттыруу
"Жаш адистердин бенефиси" болуп ага Нарын облусунан барган китепканачылар активдүү катышууда.





