Китепкана - улуттук баалуулуктардын казынасы
КИТЕПКАНА-УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН КАЗЫНАСЫ
30.10.2025. Нарын райондук Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк” жана "Улуттук уңгу, дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгынын алкагында “Китепкана улуттук баалуулуктардын казынасы” аттуу облустук семинар өткөрүлдү.
Семинарга Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондук, Нарын шаардык жана Нарын облустук китепкана кызматкерлери катышышты.
Семинардын негизги максаты: Элибиздин тарыхын, маданиятын, руханий мурастарын жайылтуу менен окурмандардын улуттук аң-сезимин өстүрүү, китепкананын коомчулуктагы ордун чыңдоо, китепканачылардын тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзүү, улуттук мурастарга, жергиликтүү акын-жазуучуларга, белгилүү инсандарга, элдик оозеки чыгармаларга байланышкан материалдарды сактоо.
Семинардын жүрүшү Нарын райондук китепканага караган 4 китепканада 4 башка темада өтүлдү.
Нарын райондук Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасында “Китеп - улуттук демдин тиреги, дүйнөлүк бийиктиктин ачкычы” аттуу теманын алкагында “Улуттук нарк – уңгу жолдун уюткусу”, “Улуттук тил-улуттук мурас, “Манас эпосу - кыргыз рухунун туу чокусу”, Теңир -Тоолук калемгерлер”, “Көчмөн элдин даамдуу дүйнөсү”, “Кол өнөрчүлүк-мурас жалгаган өнөр” аттуу темаларда жайылтылган китеп көргөзмөлөргө баяндама берилип, “Китепкана ишмердүүлүгү– билимге үндөгөн уңгу жол” аттуу видео слайд көргөзүлдү.
Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүндө жайгашкан балдарды эрте жаштан өнүктүрүү борборунда “Улуттук баалуулуктар балдардын көз карашында” аталышында интерактивдүү оюн.
Нарын райондук Ж. Шералиев атындагы Достук айылдык китепканасы тарабынан Залкар композитор Ж.Шералиевдин 110 жылдыгына карата “Нарктуу элдин барктуу композитору” аттуу музыкалык кече.
Нарын райондук Жан-Булак айылдык китепканасы тарабынан “Улут сүйгөн уул - улут мурасы” аттуу акын, саясатчы, коомдук ишкер Чыныбай Турсунбековдун 65 жылдыгына карата поэзия кечеси
Семинарда китепканачылар тажрыйба алмашып, китепканадагы улуттук баалуулуктар боюнча жүргүзүлгөн кесиптик ишмердүүлүк боюнча таанышып, пайдалуу маалыматтарды, жаңы идеяларды алышып, семинардын жүрүшүнө жогорку бааны берип кетишти.





