КИТЕПКАНАГА БААЛУУ БЕЛЕК
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 аталыштагы 100 000 нускада китептер А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана аркылуу басылып чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында 100 000 нускада жаңы басылып чыккан китептерден облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларына тапшырылды. Бул долбоор акыркы эки жылдан бери окурмандардын суроо-талабын эске алуу менен ишке ашырылып, кыргыз маданиятын, улуттук нарк-насилди, адабиятты, анын ичинде балдар адабиятын өнүктүрүүгө зор салым кошууда. Ошону менен бирге акын-жазуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн колдоо, алардын эмгектерин окурмандарга жеткирүү максатын көздөйт. Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарынын негизинде улуттук нарк-насилди, улуттук идеологияны таанытууга багытталган ошондой эле 1958–1960-жылдары профессор Б.М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы астында чыккан, улуттун улуу мурасы болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосу, мындан сырткары кыргыз адабиятынын баштоочуларынын китептери, акын-жазуучулардын көркөм-адабий чыгармалары кайрадан басылып чыгарылды. Тизмеде дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолору, заманбап өнүгүүгө шыктандыруучу китептер да бар. Айрыкча, балдар адабиятына өзгөчө басым жасалып, элдик оозеки чыгармачылыктан баштап, акын-жазуучулардын балдарга арналган чыгармалары иллюстрациялык жасалгалоо менен жарык көргөн. Мындан улам китепканалар окурмандарды китеп дүйнөсүнө тартуу менен алардын бош убактысын пайдалуу өткөрө турган заманбап борборго айланууну максат кылат.