Китепканалар ишинде жаңы идеялар жана мүмкүнчүлүктөр

Нарын облусунун С. Орозбаков атындагы китепканасынын демилгеси менен Жумгал районунда "Китепканалар ишинде жаңы идеялар жана мүмкүнчүлүктөр" аталышында усулдук окутуу болуп өттү. Иш-чарага Жумгал районунун айыл жергесиндеги бардык китепкана кызматкерлери активдүү катышты. Усулдук окутуу негизги максаты – китепканалардын ишин заманбап шарттарга ылайык өркүндөтүү, жаңы идеяларды жайылтуу жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болду.

Катышуучулар китепкана ишинде колдонула турган жаңы ыкмаларды үйрөнүп, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул сыяктуу иш-чаралар аймактагы маданият мекемелеринин өнүгүшүнө жана окурмандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга чоң салым кошот. 📖 Окурманды билим менен байытуу – келечекке инвестиция!


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.