“Китептерге эс алуу жок” боз үйдөгү мобилдик жайкы китеп окуу лагери

1- июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасынын “Китептерге эс алуу жок” боз үйдөгү мобилдик жайкы китеп окуу лагери өз эшигин ачты.

Жыл сайын салтка айланган бул иш чарага Нарын шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адилет Черикчиев , шаардык кеңештин депутаты Айгуль Акматова, Нарын шаарындагы "Кадам” реабилитациялык борборунун жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомдук фондусунун, шаарыбыздагы “Ыйман” бала бакчасынын тарбиялануучулары жана коомчулук катышты.

Иш чара концерттик программалар менен коштолуп, ОсОО “Умай групп” Нарын шаарындагы “Глобус” соода борбору демөөрчүлүк кылып, балдарга майрамдык маанай тартуулашты🎁. Жайкы китеп окуу лагери, каникул мезгилинде китеп окууну жайылтуу менен бирге ар түркүн иш чаралар, мастер класстар жана кызыктуу оюндар менен өз ишин улантат. 

Келиңиздер, улуттук баалуулукту даңазалаган боз үйдөгү мобилдик китепканада келечек ээлери болгон жаш муундарды адеп ахлакка, улуттук баалуулуктарга китеп аркылуу тарбиялайлы. Бардык катышуучуларга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!