Комуз ички дүйнө жарчысы

9 - сентябрь комуз күнүнө карата Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасында жаш муундарга кыргыздын салттуу музыкалык аспабы болгон комуз жөнүндө кенен маалымат берүү,  комузду даңазалоо максатында «Комуз ички дүйнө  жарчысы» аттуу адабий музыкалык кече болуп өттү.

Иш чарага арналып  залкар комузчулар алардын черткен күүлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган «Таншый бер кыргыз комузу аттуу  китеп коргозмо уюштурулуп, окурмандарга маалымат берилди.

Китеп көргөзмө 2 бөлүктөн туруп биринчи бөлүгүнө комуздун тарыхы, комуз үйрөнүү боюнч усулдук кеңештерди камтыган адабияттар коюлуп, экинчи бөлүгүндө белгилүү комузчулардын тарых таржымалы жана комуз изилдөөчү Балбай Алакушовдун эмгектери окурмандарга сунушталды. Андан соң комуз жөнүндө жалпы маалыматты камтыган видео слайд көргөзүлдү.

Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар келген меймандарга өздөрү кызыккан суроолорду берип, жоопторду алышты. Иш чарага катышкан Нарын шаарындагы балдар искусство мектебинин  мугалими Абылова Нургулго    №7 М Сыдыков атындагы орто мектебинин «Ай Санат» бийчилер тобунун жетекчиси Акматалиева Анарага ,  М. Рыскулов атындагы музыкалык академиялык театрдын комузчусу Аскатов Ринатка   ыраазычылык билдиребиз.

Кечени  Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин комузчулар ансамбли жана №7 М.Сыдыков атындагы мектептин «Ай санат» бийчилер тобунун кыздары оздорунун ыр бийлери менен  кечени шанга болошту.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!