"Кылым карыткан кыргыз тили" иш чара
Кыргыз тили-кыргыз тарыхы, ал каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын асыл нуска кептери, элибиздин санжырасы, чоң энелердин жомогу, комузубуздун күүсү менен сиңип, уррактарга түбөлүк таберик болуп жетип олтурат. Кыргыз тили-Кыргыз Республикасынын калкынын, кыргыз улутунун тили. 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнө карата Нарын облустук Сагынбай Орозбаков атындагы маалыматтык китепкананын балдарды жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмүндө "Кылым карыткан кыргыз тили" аттуу адабий кече болуп өттү. Кечеге
#2 В.П.Чкалов жана #10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептердин окуучулары келип кыргыз тилибизди даңазалаган акын жазуучулардын ырларынан көркөм окушуп, кыргыз тили боюнча макал-лакаптарды айтышты жана Ж.Шералиев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары комузда кол ойнотуп иш чараны көркүнө чыгарышты.